News

“Мыкты спортчу айым" наамына ээ болгон Алтынай Мамарасул кызын жеңтиши менен куттуктайбыз

Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы жетекчиси Мурат Саралиновдун урматына арналып, Topsport.kg сайты жана Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан 20-январь күнү Бишкек шаарындагы улуттук филармонияда уюштурулган “Sports and Youth Awards — 2017” салтанатында Ош мамлекеттик университетинин студенти Алтынай Мамарасул кызы Улуттук спорт (алыш күрөшү) түрү боюнча “Мыкты спортчу айым" наамына ээ болду.

Жеңүүчүлөр социалдык тармактарда сурамжылоонун негизинде аныкталып, Улуттук спорт түрлөрү боюнча "Мыкты спортчу айым-2017" наамына өлкөбүздөгү эң алдыңкы 3 спортчу айымы ат салышкан, жыйынтыгында спорт күйөрмандарынын 2529 добушуна ээ болгон Алтынай Мамарасул кызы жеңүүчү деп табылды.

Алтынай Мамарасул кызын ар тараптан колдоп, сүрөп, сыймыктанып келген Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамааты жеңиши менен куттуктап, чың ден соолук, окууларына ийгилик каалап, өлкөбүздүн желегин дүйнөлүк мелдештерде дайыма желбирете берүүсүнө тилектеш.

Белгилей кетсек, Алтынай Мамарасул кызы 2017-жылы Түркмөнстанда өткөн Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча алтын, Түркмөн күрөшү боюнча күмүш медалды багындырган. Алтынай эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери. Ошондой эле 2016-жылы Беларусияда өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалга, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалга, 2017-жылы Литванын Вильнюс шаарында өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Европанын кубогуна арналган дүйнөлүк мелдеште алтын медалга ээ болгон.

3306 09:31 22-01-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|