News

Балдарга арналган балаты майрамы

ОшМУда профсоюз комитети тарабынан бөбөктөргө арналган «Жаңы жылдык балаты» кечеси уюштурулду.

Жаңы жылдык балатыга университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин 12 жашка чейинки 300гө жакын балдары катышышты.

Майрамдык кечени ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу, профсоюз комитетинин төрагасы Абдыжапар Аккулов ачып, жаңы жылдык куттуктоо сөздөрүн айтышып, балдарга кең келечек, бактылуу балалык каалашты.

Майрамдык кечени жомок каармандары коштоп, искусство факультетинин таланттуу студент ырчы-бийчи студенттери ыр ырдап, бийлеп, бөбөктөргө жагымдуу маанай тартуулашты, ошондой эле балдар, ата-энелер үчүн кызыктуу оюндар уюштурулду. Бөбөктөрдү кубандырган кеченин негизги каарманы болгон аяз ата, аяз кыз келип, балдардын майрамдык ыр-бийлерине күбө болуп, ар бир балага уюштуруучулар тарабынан өзгөчө белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, мындай иш чара профсоюз комитети тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет.

3239 18:19 29-12-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|