News

"Студенттерден балдарга" аттуу кайрымдуулук акциясынын уюштуруучулары «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнөн кабар алышты

ОшМУнун жаштар комитети, ыктыярчылары, Таланттар академиясы, студенттик акыйкатчы аппараты декабрь айынын башында университетте "Студенттерден балдарга" аттуу кайрымдуулук акциясын уюштурушту.

Акция учурунда кайрымдуу жаштардан балдарга кийим-кече, жумшак оюнчуктар топтолду, ошондой эле акциядан топтолгон каражаттарга балдардын билим алуусу үчүн зарыл болгон кеңсе буюмдары алынды.

2-декабрь күнү акциянын катышуучулары Ош шаарындагы «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнөн кабар алышып, белектерин беришип, Таланттар академиясынын таланттары концерттик программа тартуулашты. Кубанычтары койнуна батпаган балдар үйүнүн тарбиялануучулары студенттер менен чогуу ырдап-бийлешти. «Мындай жаштардын балдарга кайрымдуу болуп, алар менен аралашып, пикир алышы, маанайларын көтөрүшү балдарга дем берип, жашоого шыктандырып турат. Ош мамлекеттик университетинин түрдүү факультеттеринин студенттери жыл бою ушинтип кабар алып турушат. Кайрымдуу жаштарыбыз аман болушсун»,- деди балдар үйүнүнү директору Тамара Токтомаметова.

2997 09:32 05-12-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|