Диалог түрүндө уюштурулган конференцияда студенттер кызыккан суроолорун берип, коноктордун тиешелүү жоопторду алышты. Конференция 3 тилде англис, орусча жана кыргыз тилдеринде алып барылды. Элчинин жардамчысы В.Х.Эмингер студенттер менен академиялык жана карьералык жетишкендиктери тууралуу ой бөлүштү.
“Классик” мейманканасынын негиздөөчүсү жана башкаруучу Азизбек Ажимаматов, Ош дестинациясынын аткаруучу директору Бексултан Саламатовдор өздөрүнүн ийгиликке жетүү жолдорк тууралуу баяндап өтүштү.
Стейкхолдерлер котормочуларга эмгек рыногунда талап көптүгүн баса белгилешти жана студенттерге жакшы кеп кенештерди, сунуштарды беришти.