News

ОшМУда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мектептердин мугалимдери үчүн тренинг башталды

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 23-ноябрь күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы мектептердин мугалимдери үчүн кыргыз / орус тилдерин улуттук мектептерде факультативдик курс катары окутуунун өзгөчөлүктөрү боюнча тренинг башталды.

Аталган тренин 3 күнгө созулат, учурда тренингге Жалал-Абад облусунан 7 мугалим, Баткен облусунан 6 мугалим, Ош шаарынан жана Ош облусунан 14 мугалим катышып жатышат.

Тренингдин жүрүшүндө мугалимдер кыргыз / орус тилдерин улуттук мектептерде факультативдик курс катары окутуунун өзгөчөлүктөрүн, аны ишке ашыруунун жолдорун үйрөнүшөт. Ошондой эле окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоонун алгылыктуу усулдары менен таанышышат.

Белгилей кетсек, өткөн окуу жылында аталган долбоор өзбек мектептеринде апробацияланып, жакшы натыйжа берген.

2885 14:13 23-11-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|