News

ОшМУда “Бош орундар жарманкеси” өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында Ош мамлекеттик университетининин базасында Эл аралык ИНТРАК борбору жана Ош шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы менен биргеликте “Бош орундар жарманкеси” өткөрүлөт. Аталган иш чарага Ош шаарынын алдыңкы мекеме ишканаларынын, бизнес түзүмдөрүнүн, эл аралык уюмдарынын, жогорку жана орто окуу жайларынын, кесиптик техникалык лицейлердин жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө. Жарманкеде 2500дөн ашуун бош орундар сунушталат. Жарманкени өткөрүүнүн максаты - жумуш берүүчүлөргө адис менен камсыздалуу маселесине көмөктөшүү, жумуш изилдөөчүлөргө ылайыктуу иш орундарын сунуштоо, окуу жайлардын жумуш берүүчүлөр менен байланышын күчөтүү. Жалпы ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүн, иш издөөчүлөрдү жана 2017-2018-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн жарманкеге чакырабыз!
3455 09:48 11-10-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|