News

ОшМУда Ош шаарындагы өзбек тилдүү тилдүү мектептердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуучу курстар башталды

Ош мамлекеттик университтинин Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда Ош шаарындагы өзбек тилдүү тилдүү мектептердин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуучу курстар башталды.

Бүгүн, 21-августта аталгалган курстун угуучулары үчүн жыйын уюштурулуп, жыйынга Ош облусунун Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүнөн, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан, ОшМУдан атайын өкүлдөр каташышты.

“Ош облусунун Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облустук бөлүмү, өзбек диаспорасы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан сунушталган долбоордун алкагында демилгеленип уюштурулуп жаткан курс 72 саатты түзүп, анда математика, химия, биология, тарых, орус тил, кыргыз тил багытындагы тайпаларга жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо боюнча курстар өтүлөт. Курстун алгачкы бөлүгү ушул күндөргө пландаштырылса, калган бөлүгү сентябрь, октябрь, ноябрь айларында өтүлүп, январь айында жыйынтыкталат. Курска 100 мугалим катышууда”,- деп билдирди ОшМУнун Мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору Жылдыз Артыкова.

Белгилей кетсек, буга чейин да ОшМУнун демилгеси менен өзбек тилдүү мектеп мугалимдерине ЖРТга даярдоо боюнча атайын курстар уюштурулуп келген.

4783 12:00 21-08-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|