News

Түркиядагы Сumhuriyet (Жумхурият) университети менен ОшМУнун кызматташтыгы артат

Түркиядагы Жумхурият университетинин ректору, профессор Алим Уылдыз баштаган делегация 17-август күнү Ош мамлекеттик университетине атайын иш сапары менен келишип, университеттин ректору Каныбек Исаков менен жолугушту.

Жолугушууда ректор конокторго Кыргызстандын билим берүү системасындагы ОшМУнун орду, университетте аткарылып жаткан демилгелер, адистиктер, жаңы структуралар боюнча маалымат берди. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки окуу жай жетекчиси университеттер ортосунда өз ара кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, студент, магистранттарды, докторанттарды академиялык мобилдүүлүк багытында алмашуу, окутуучуларды, илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Иш сапардын алкагында делегация ОшМУнун музейи, жаңы ачылган заманбап структуралары менен таанышып, ОшМУнун бай тарыхын камтыган видео тасманы көрүштү.

6100 12:51 17-08-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|