News

ОшМУнун илимий китепканасы “От Советского информбюро” (Сводки 1941-1945) деген аталыштагы 8 томдук китеп менен толукталды

Бүгүн 22-июнь күнү Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында окуу жайдын жамааты Россиялык илим жана маданият борборунун Оштогу директору жана “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн орун басары Василий Алексеев, ошондой эле Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулдугунан өкүлчүлүктөр менен жолугушту.

Аталган жолугушууда ОшМУнун Россотрудничество” уюму менен болгон кызматташтыктары боюнча сөз болду. “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн орун басары Василий Алексеев 1941-жылдын 22-июнунда, ушул күнү фашисттик Германия мурдагы Советтер Союзунун аймагына кол салгандыгын, 4 жылга созулган апааттуу согушта канчалаган ата-бабаларыбыз эрдик менен, кийинки муундардын жаркын келечеги үчүн курман болгондуктарын эскерди. Мындай ХХ кылымдын апааттуу, кандуу согушун, Ата Мекен үчүн болгон күрөштү ар бирибиз эскерип, тынчтыктын канчалык баалуу экендигин унутпай муундан-муунга айтып, жеткиришибиз зарыл экендигигин белгиледи. Ошондой эле университеттин илимий китепканасына жаңыдан басмадан чыккан, баалуу “От Советского информбюро” (Сводки 1941-1945) деген аталыштагы 8 томдук китепти белекке берди.

Жыйынга катышкан ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев Василий Никалаевичке ыраазычылыгын билдирип, мындай балуу китептер университеттин окумуштуулары, студенттери үчүн балуу эмгек экендигин айтты жана университеттин илимий китепканасынын директору Сараш Мамбетовага өткөрүп берди.

Жыйындын жүрүшүндө мындан ары жа эки тараптуу кызматташтыктардын орун ала берүүсү айтылды.

Белгилей кетсек, XX кылымдын алааматы 1941-жылдын 22-июнь күнү башталып, фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салган. Улуу согушка миңдеген кыргызстандыктар катышып, фашисттик Германиянын жеңилишине өз салымдарын кошушкан.

4271 11:54 22-06-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|