News

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни АКСЕС программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн аземине катышты

АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган АКСЕС программасынын мектеп окуучуларына англис тилин окутуу боюнча 60 мин долларлык грантын дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети 2015-2017-окуу жылдарына утуп алган. Бул проекттин негизги максаты - социалдык жактан начар камсыз болгон мектеп окуучуларына англис тилин үйрөтүү, Америка элдеринин маданиятын, каада-салттарын үйрөтүү болуп эсептелет. Проектке Ош жана Жалал-Абад областтарынан бирден мектеп тартылган: Ош шаарындагы көзү азиз балдардын мектеп интернаты жана Базар-Коргон районундагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектеп.

Проекттин алкагында англис тилин окутуу менен бирге коомдо кантип өзүн эркин алып жүрүү керек, жаратылышка аяр мамиле жасоо, кайрымдуулук, боорукердик иштерди жүргүзүү сыяктуу сапаттар окуучуларга үйрөтүлдү.

Мектеп окуучуларынын эл аралык FLEX программасына проекттин окуучулары катышышып, эки мектептен 8 окуучу 3-турга чейин келишти. Жыйынтыгында 3 окуучу аталган программанын жеңүүчүлөрү деп табылып 1 жылга АКШнын мектептеринде билим алып келүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Бүгүнкү аземде бүтүрүү сертификаттарын АКШнын элчиси Шейла Гуолтни айымдын колунан алышты.

4039 15:47 16-06-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|