News

«Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу II республикалык ЖОЖдор арасындагы студенттердин достук фестивалына жана «Ош декларациясынын» II отурумуна ОшМУнун таланттуу студенттери катышууда

Учурда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» аттуу II республикалык ЖОЖдор арасындагы студенттердин достук фестивалы өтүп жатат. Фестивалга «Ош декларациясына» кол коюшкан Талас мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Ош мамлекеттик университеттеринин, ОГПИнин студенттери да катышып жатышат.

Белгилей кетсек, алгач ирет 2016-жылы ОшМУда уюштурулган достук фестивалы жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, студенттер арасында аймактык достукту бекемдөө максатында уюштурулган.

Фестивалдын алкагында ЖОЖдор арасында педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди, жаш окумуштууларды, тажрыйбалуу профессорлорду алмашып ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү боюнча түзүлгөн “Ош декларациясына” кол коюлуп, учурда ийгиликтүү иштеп жатат.

4750 16:33 15-06-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|