News

Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалдын лауреаты акын Улукбек Омокеевдин “Ата-Cүйүү” китебинин бет ачары өтөт

Ош мамлекеттик университетинин окутуучусу, университеттин “Нур” гезитинин редактору, акын, “Жаз жыты”, “Кеч күздөгү сулуулар” ыр жыйнактарынын автору, “Жигер” чыгармачылык борборунун түзүүчүсү, бир нече публицистикалык, көркөм-публицистикалык макалалардын автору Улукбек Омокеев 24-26-май күндөрү Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлгөн жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалында “эң мыкты поэзия” номинациясы боюнча баш байгени жеңип алып Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалдын лауреаты деген төш белги жана акчалай сыйлыгы менен сыйланды.

Сыйлык ээсин университеттин жамааты куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди калашты.

Белгилей кетсек, май айында Улукбек Омокеевдин “Ата-Cүйүү” аттуу көлөмдүү ырлар жана эсселер жыйнагы басылып чыкты. Ага акындын ырлары, поэмалары жана күнүмдүк ой толгоолору кирген. Аталган китептин бет ачарына арналган чыгармачылык кечеси 5-июнь күнү саат 11-00дө Ош шаарындагы Бабур театрында тартууланат. Анда акындын калеминен жаралган чыгармалар сахналаштырылып көрсөтүлүп, акындын ырларына жазылган обондор жалпы поэзия сүйүүчүлөрүнө тартууланат.

5100 14:26 29-05-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|