News

ОшМУнун "Ошингтон"командасы 9-сезонунун финалдык таймашында вице чемпиондукту жеңип алышты

Бишкек шаарындагы "Сейтек" балдар борборунда 21-май күнү болуп өткөн "Тамашоу" Лигасынын 9-сезонунун финалдык таймашында Ош мамлекеттик университетинин "Ошингтон"командасы вице чемпиондукту жеңип алышты.

Финалдык оюнга SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова, ырчы Урмат Усенов, футболчу Азамат Байматов, юрист Жоомарт Жолдошев, режиссёр Рысбек Жабировдор калыс болушуп, командалар "Саламдашуу", "Ким тапан?", видеосынак жана музыкалык үй тапшырмадан күч сынашышты.

Оюндун жыйынтыгында 1-орунда "Ассорти", 2-орунду "Ошингтон", 3-орунду "Универсал командалары ээлешти.

"Ошингтон» командасын университет жетекчиси жалпы жамааттын атынан куттуктап, ийгиликтерди каалады.

5248 10:48 29-05-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|