News

Журналист жана сатирик Султан Жумагуловдун "Кыргызча жашоо бормулалары" китебинин бет ачар болуп өттү

ОшМУнун Кыргыз-кытай факультетинин жыйындар залында белгилүү журналист жана сатирик Султан Жумагуловдун "Кыргызча жашоо бормулалары" китебинин бет ачар аземи 26-май күнү болуп өттү.

Бет ачарга Ош шаарындагы, облустагы жетекчилердин өкүлдөрү, журналисттер, ОшМУнун журналистика адистигинде билим алып жаткан студенттер, окутуучулар, адабият сүйүүчүлөр катышышты. Аземди "Би-Би-Си" радиосунун кыргыз кызматынын Ош облусундагы өкүлү, ОшМУнун бүтүрүүчүсү, журналист Айбек Абдылдаев алып барды. "Кыргызча жашоо бормулаларына" 1990-2000-жылдар аралыгында жазылган чыгармалары кирген. Китепке совет доорунун акыркы мезгилдери жана Кыргызстандын эгемен мамлекет болгон учуру, эски менен жаңы доор тогошкон мезгилдеги кыргыз турмушу чагылдырылгандыгын кеченин жүрүшүндө автор белгилеп өттү.

Ошондой эле китептин экинчи бөлүгүндө автордун публицистикалык макалаларына орун берилген. Анда негизинен кыргыздардын жашоо образы, ой жүгүртүүсү, үрп-адаттардын жашообузга тийгизген терс таасирлери камтылган.

Китептин автору С.Жумагулов кеченин жүрүшүндө ОшМУнун жамаатына, ошондой эле өткөн жылы жарык көргөн “Журналистикага жол” китебинин басмадан чыгышына колдоо көрсөтүп, ал китеп Ош, Жалал-Абад, Баткен облусундагы журналисттердин колуна акысыз жетүүсүнө себепкер болгон ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго ыраазычылык билдирип өттү. Кече суроо-жооптор менен коштолду. Автор кеченин соңунда ОшМУнун журналистика бөлүмүнүн китеп фондуна 5 китебин белек кылды.

Китептин автору Султан Жумагулов "Ленинчил жаш", "Эркин-Тоо" гезиттеринде, кийин "Асаба" гезитинде, "Би-Би-Си" радиосунун кыргыз кызматында кабарчы болуп иштеп, "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесин да жетектеген. ЭлТР жана КТРКда башкы директорлук кызматтарды да аркалаган.

4408 15:51 26-05-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|