News

ОшМУ жана ЯрМУнун ортосунда миграция маселесине арналган теле-мост уюштурулду

Ош мамлекеттик университети жана Ярослав мамлекеттик университети тарабынан биргелешип уюштурулган «Россия жана Кыргызстан: миграция саясий жана экономикалык фактор катарында» деген аталыштагы теле-мост ОшМУнун базасында 28-апрель күнү уюштурулду.

Аталган теле-мостко Ярослав мамлекеттик университетинин, ОшМУнун окумуштууларынан, Москвадан атайын эксперттер катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө ОшМУнун профессору Уран Эргешбаев, эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов, ЯРМУнун илимий кызматкери Александр Шустов жана бир топ эксперттер миграция маселеси, анын саясий, экономикалык мамилелерге тийгизген таасирлери боюнча баяндамаларды жасашты. Ошондой эле аталган теманын айланасында талкуулар болуп, эксперттердин ойлору ортого салынды.

Мобилдүү конференциянын алкагында ОшМУ жана ЯрМУнун ортосунда биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, академиялык мобилдүүлүк багытында кызматташуулары жөнүндө сөз болду.

3959 10:29 29-04-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|