News

Биолог студенттер кайрымдуулук акциясын уюштурушту

Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетинин биология адистигинин БР-1-14 тайпасынын студенттери демилге көтөрүп, кайрымдуулук акциясын уюштурушту.

Тайпа куратору доцент Курсантбек Алтыбаевдин жетекчилигинде студенттер Ош шаардык КТТМЧБДСККБна (кыймыл-таяныч тутумунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору) жана Ош шаардык балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна болушуп, өздөрүнүн мекемелердин чарба жумуштарына кол кабыш кылышып, мекемеде дарыланып жаткан балдарга алып барган таттууларын тартуулашып маанайларын көтөрүштү.

Башкы дарыгерди орун басары Асилбекова Жыпара жана улук мээрбан айым Максатбек кызы Гүлсара жарандар тарабынан бөлүнгөн көңүл аз да болсо “муктаж балдар” үчүн чоң жардам экендигин белгилеп, биолог студенттердин мындай демилгесине ыраазычылыктарын билдиришти.

3934 15:55 25-04-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|