News

ОшМУнун «Ыйман» гимназиясы Ош шаардындагы бардык мектептердин катышуусунда “Куттуу жумалык» аземин өткөрдү

Ош мамлекеттик университетинин «Ыйман» гимназиясы тарабынан уюштурулган Пайгамбарыбыздын туулган күнүнө арналган “Куттуу жумалык» аземи 24-апрель күнү Ош улуттук драма театрында уюштурулду.

“Куттуу жумалык” аземине Ош шаарындагы 56 мектептин директорлору, мугалимдери, окуучулары, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, Түркиядан келген коноктор катышышты.

Салтанаттуу аземди ОшМУнун проректору Олжобай Шаимкулов ачып, университеттин базасында ачылган “Ыйман” гимназиясында бүгүнкү күндө билим менен ыйман айкалышкан тарбия берилип, мыкты окуучулар тарбияланып жаткандыктарын белгиледи. Ошондой эле аземдин жүрүшүндө Ош шаардык билим берүү башкармалыгын башчысы А.Асанов, Теология факультетинин декандын орун басары, Түркия Диянет фондунун өкүлү Ферхат Гөкче, «Ыйман» гимназиясынын мүдүрү Абдукадир Бал, «Ыйман» гимназиясынын директору Жеңиш Элболдуевдер жалпы келген конокторду куттуу жумалык менен куттуктап, окуучулардын окууларына ийгилик каалашты.

Кеченин жүрүшүндө “Ыйман” гимназиясынын окуучулары тарабынан Пайгамбарыбыздын туулган күнүнө арналган аземге карата сахналаштырылган көрүнүштөр, обондуу ырлар, пайдалуу маалыматтар айтылып, “Ыйман” гимназиясынын алдындагы Зирек башталгыч классынын окуучуларынын аткаруусунда хор тартууланды. Ошондой эле кеченин алып баруучулары тарабынан залда отурган көрүүчүлөргө Пайгамбарыбыздын өрнөктүү өмүрү жөнүндө суроолор берилип, жооп берген окуучуларга кеченин уюгштуруучулары тарабынан белектер берилди.

Кеченин соңунда “Ыйман” гимназиясы Ош шаарындагы 56 мектептен мыкты деп тандалып алынган 56 окуучуга белектерин ыйгарды жана Куран окуу, Азан айтуу, Хутба жана Хадис жаттоо конкурстанынын жеңүүчүлөрүнө диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кечеге келген ар бир катышуучуга Теология факультетинин окутуучулары тарабынан даярдалган эмгектер белекке берилди.

7881 10:18 25-04-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|