Жыйынтыгында, 51 студент байгелүү орунга ээ болуп, ОшМУнун студенттери жалпы командалык эсепте 1-орунга татыктуу болушту. Экономика багытындагы 12 командадан 14 студент байгелүү орунга ээ болуп, алардын ичинен 7 студент 1-орунду ээлешти. Ал эми англис тили жана котормо таануу багытындагы 3 командадан 7 байгелүү орун ээленип, алардын ичинен 5 студент 1-орунга жетишишти. Математика, информатика багытындагы 5 командадан 8 студент байгелүү орунга жетишишсе, алардын ичинен 6 студент 1-орунга татыктуу болушту.
Белгилей кетсек, ОшМУнун студенттери 2012-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан аймактык олимпиадада үзгүлтүксүз 1-орунду алып келишет.