Ийгилик ээсин ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктап, жамааттын атынан ийгилик каалап, ар дайым талыкпай эмгектенип өлкөбүздүн желегин желбирете берүүсүн каалады.
Белгилей кетсек, Мамарасул кызы Алтынай Беларусиянын Минск шаарында 2016-жылдын 10-11-декабрь күндөрү болуп өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 70 кг чейинки салмакта алтын медалга ээ болуп, жеңиш менен кайтып келген. Ошондай эле буга чейин Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон. Анын ийгиликтерин колдогон Ош мамлекеттик университети учурда келишимдик акысына 100 пайыздык жеңилдик берген.