News

Студенттик жатаканаларда Нооруз майрамына арналган кечелер өттү

Ош мамлекеттик университеттин бардык студенттик жатаканаларында нооруз майрамына арналган майрамдык кечелер уюштурулду.

“Жатаканаларда кыз-жигиттин сармерден оюну уюштурулуп, нооруздун негизги улуу тамагы болгон сүмөлөктөр кайнатылып, элге жакшылык, тынччылык, молчулук тиленди. Ошондой эле күрөш, аркан тартыш, волейбол, кол күрөш, тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндар менен коштолду. Жатаканада үлгүлүү жашап, коомдук-маданий иш чараларга активдүү катышып, спорттук оюндарда жеңишке жетишкен студенттерге диплом, баалуу белектер ыйгарылды”, - деди ОшМУнун жатаканалар боюнча координатору Абылкасым уулу Канат.

Нооруз майрамына арналган жатаканалардагы иш чараларга ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Т.Колдошев, окуу-маалымат департаментинин директору Р. Арапбаев ошондой эле факультеттин декандары, тарбия иштери боюнча орун басарлары, окутуучулар, студенттер катышышты.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар салтка айланып жыл сайын уюштурулуп келет.

3560 15:18 27-03-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|