News

Окумуштуу агайдын «Аруулук» китебинин бет ачар аземи тартууланды

Ош мамлекеттик университетинде Адеп, ыйман, маданият жылынын алкагында жыйындар залында 16-март күнү биология илимдеринин кандидаты, доцент Орунбек Коланов агайыбыздын "Аруулук" аттуу китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Саамалыкка университеттин ректору, профессор Каныбек Исаков, окуу жайдын профессордук окутуучулук курамы, кесиптештери, студенттери, дос, туугандары, жакын санаалаштары катышышты.

Орунбек Каланов агай университетте көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип, жаштарга татыктуу билим, таалим-тарбия берип, көптөгөн шакирттерди өстүрүп келет. Биология тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, Ала-Тоонун көк шибер төрлөрүн аралаган агайыбыз учурда университеттин медициналык колледжинин фармацевтикалык дисциплиналар кафедрасын жетектеп келет.

Бүгүнкү кечеде Орунбек Каланов агайдын дагы жараткан тартуулаган таланты ачылып, аруулукка, сулуулукка толгон “Аруулук” китебинен студенттер көркөм окушуп, таланттуу студенттердин обондуу ырлары жаңырды. Кечеге келген ар бир конок агайга чыгармачылык эргүү, ишине ийгилик, ден соолук каалашып, “Аруулук” деп аталган китебиндей аруу максаттары ишке аша берүүсүн каалашты.

5792 17:09 17-03-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|