News

«ОшМУ мырзасы – 2017» сынагы тартууланды

23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата ОшМУнун тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан уюштурулган «ОшМУ мырзасы – 2017» сынагы Ош улуттук драма театрында болуп өттү.

Сынактын шарттарына ылайык университеттин факультеттеринен, колледждеринен мыкты деп тандалып алынган 14 мырза конкурстун жобосуна ылайык чыгармачылык дараметтерин, акыл көрөңгөсүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти Адишев Мыктыбек «ОшМУ мырзасы – 2017» номинациясын, баш байгени жеңип алды. Ал эми табият таануу жана география факультетинин 3-курсунун студенти Нурдубек уулу Абдыганы «ОшМУнун интеллектуал мырзасы-2017», математика жана технологиялар факультетинин 2-курсунун студенти Калыбек уулу Бекназар «ОшМУнун таланттуу мырзасы-2017», медициналык колледждин 3-курсунун студенти Чекиров Жаныбек “ОшМУнун күчтүү мырзасы-2017” номинацияларына ээ болушту.

Ал эми искусство факультетинин 1-курсунун студенти Алтынбек Арапов Баткен шаарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө тартууланган “ОшМУнун мырзасы” сынагынын 1-баскычында көпчүлүк көрүүчүлөрдүн добушун алып, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мырза -2017” номинацияларына татыктуу болду. Сынакка катышкан мырзалар уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты, ошондой эле ар бир катышуучуга Ысык-Көлдө эс алып келүүгө жолдонмолор тыпшырылды.

“Аталган мырзалар сынагы студенттерге тарбия берүү, улуттук баалуулуктарды, кыргыздын маданиятын даңазалоо, мырзалардын интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду. Сынак буга чейин кесипке багыт берүү иш чараларынын алкагында Баткен шаарында тартууланып келди”, - деди ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы Азиретали Маткалыков.

Белгилей кетсек, сынакка демөөрчүлүк көрсөтүп келген Ош шаарындагы "Амалия" сулуулук салону 1-2-орундарды ээлеген мырзаларга 2000 сомдук сертификаттарды тапшырды.

9948 15:56 27-02-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|