News

ОшМУда Ата Мекенди коргоочулар күнүнүн урматына бильярд боюнча биринчилик өткөрүлдү

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз уюму тарабынан 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата окуу жайдын окутуучу, кызматкер агайларынын ортосунда бильярд боюнча мелдеш уюштурулду.

Ош шаарындагы “Классик” бильярд клубунда уюштурулган мелдешке жалпысынан 22 оюнчу катышышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Медициналык колледждин окутуучусу Э.Сартманбетов, 2-орунду тарых факультетинен Канат Рыскулов, 3-орунду математика жана информациялык технологиялар факультетинен Шермамат Оморов, 4-орунду педагогика жана дене тарбия факультетинен Рысмамат Райымбердиевдер ээлешип, профсоюз уюму тарабынан диплом, муздаткыч, ашкана буюмдары, туннерерлер сыяктуу баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына, атайын түшкү тамак уюштурулуп, эстелик үчүн белектер берилди. Мелдештин ардегер катышуучусу табият таануу жана география факультетинин доценти М.Уметалиевге да уюштуруучулар тарабынан атайын белек тапшырылды.

“Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан мелдешти өткөрүүдөгү негизги максатыбыз жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, спротту сүйүүгө үндөө, майрамдык маанай тартуулоо болуп эсептелет”, -деди ОшМУнун кесиптик кошунунун төрагасы Абдыжапар Аккулов.

8784 12:00 24-02-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|