News

ОшМУнун ректору К.А.Исаков: «Ыйман, адеп, маданият- башаты да, булагы да адабият”

Ош мамлекеттик университетинде Ыйман, адеп, маданият жылына арналган университеттин ректору, профессор Каныбек Исаковдун "Ыйман, адеп, маданият- башаты да, булагы да адабият” атуу интеллектуалдык баарлашуу кечеси болуп өттү.

Баардашуу кечеси ачык тибинде болуп ага окутуучулар, магистранттар, аспиранттар, студенттер менен биргеликте жан дүйнө азыгын алууну самаган бардык каалоочулар катышышты.

Коомдун негизги өзөктүү көйгөйлөрүнөн болуп келген ыйман деградациясы, адеп-ыймандын адамдар ортосундагы мамиледе көрүнүшү, ыймансыздыктын, адепсиздиктин себептери, акыл-эс баалуулуктары, жети ата философиясы, адам жашоосунда диндин, адептин орду, энеге, атага, кыз балага, уул балага улуу-кичүүгө, кесиптешке, устатка, өмүргө, өлүмгө болгон мамиле тууралуу кеңири токтолуп, ар биринин жашообуздагы маани маңызы тууралуу кеңири сөз кылды. Учурда муундар аралык ажырым пайда болуп, адептүүлүктү туу тутуп, аздектей албай калган учурда жаштарга эң зарыл болгон саламдашуу, коштошуу, сүйлөшүү, үй-бүлө, кийинүү, дос күтүү адептерин ачып берди. Ошондой эле адамды адам кылган акыл-эстүүлүк, иштермандык, кичипейилдик, сабырдуулук, боорукердик кечиримдүүлүк сапаттарыбызды арттырууга чакырды. Презентацияны жыйынтыктап жатып “Биз окутуу менен бирге тарбиялоону, тарбиялоо чөйрөсүн түзүүбүз керек. Ар бир окутуучунун милдети - өзү тарбиялуу болуп, жаштарды туура тарбиялоого өмүрүн арнашы керек”, -деди жана бул маалыматтар Ыйык Курандан, кыргыз адабиятынын баа жеткис баалуулугу болуп саналган Ч.Айтматовдун эмгектеринен, Чыгыш адабияттарынан алынгандыгын кошумчалады.

Ар бир айтылган сөз катышуучулардын жүрөгүнөн түнөк тапкан өзгөчө презентация жана адамдык улуу сапаттар, адеп, ыйман темасындагы ырлар, поэзиялар менен коштолду.

“Баарлашууда бүгүнкү күндөгү ыймандуулуктун, адамдык аруу сезимдердин, адептүүлүктүн солгундоосу, маданиятыбыздын, адамдар арасындагы ымала-мамиленин начарлашы, коомдук жүрүм-турумдун бузулушу, жалпысынан, адеп-ахлах деградациясы жөнүндө кенен маалыматтар берилип, аларды чечүүнүн жолу же ачкычы адабиятта, элдик оозеки чыгармачылыкта, исскусстводо, динде экендиги белгиленди.

Адамдын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган, руханий дөөлөтүнө азык болгон, таасирдүү, таамай жазылган доклады үчүн кыргыз улутуна, анын адебине, улуттук духуна, демине, менталитетине ак дилинен күйүп бышкан ректор агайыбызга терең ыраазычылык билдиребиз”, -деди кечеге катышкан дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин доценти Семетей Амиралиев.

Бул багыттагы интеллектуалдык баарлашуулар жыл бою уланып, март айында тарых темасында, апрель айында ыйман темасында жолугушуулар белгилендендигин баарлашуу кечесин уюштуруунун демилгечиси, ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, профессор Таасилкан Жумабаева белгилеп: “Мындай иш чараларды уюштуруудагы негизги максатыбыз магистранттардын жан дүйнөсүн толуктаган интеллектуалдык жолугушууларды уюштуруу менен алардын кесиптик, башкаруучулук, педагогикалык, уюштуруучулук жалпы компотенцияларын калыптандыруу болуп саналат”, - деди.

Иш чаранын алкагында илимий китепкана тарбынан “Рухту көтөргөн улуу сөз”, “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”, “Ата-бабалардын мурасы – улут байлыгы”, “Адам адеби адабиятта” аттуу адеп, ыйман, маданиятка байланышкан китептердин жана теология факультетинин окутуучуларынын ислам маданияты тууралуу элүүгө чукул эмгектеринин китеп көргөзмөсү тартууланды. Жыйынтыгында катышуучуларга теология факультетинин окутуучуларынын эмгектери китеп сүйүүчүлөрүнө акысыз таркатылды.

24598 14:34 18-02-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|