News

“Китепти ачсаң дүйнөнү ачасың”

“Китепти ачсаң дүйнөнү ачасың” 2018-жылдын 20-апрелинде саат 11.00 дө финансы-юридикалык колледжинин жыйындар залында “Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук” күнүнө карата “Китепти ачсаң дүйнөнү ачасың” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чараны финансы-юридикалык колледжинин директорунун милдетин аткаруучу Исаков Кубаныч Абибиллаевич жана илимий китепкананын директору Мамбетова Сайраш Сатындиевна ачып берди. Иш-чаранын программасы кыргыз бийи менен башталып, китептерге саякат, дүйнөдөгү мыкты китепканалар, Ч.Т.Айтматовдун накыл сөздөрү, көркөм окуу, кызыктуу докладдар жана тамашашоу коштоду. Жыйынтыгында Искендербек кызы Сайкал ЭБК-2-15, Аринов Залкарбек ННК-1-15, Бактыбаева Рахат ЭБК-1-15, Аманов Бектурсун ЭБК-2-16, Аманов Бектурсун ЭБК-2-1-16,тайпаларынын студенттери “Мыкты окурман” дипломдоруна ал эми Абдималикова Сауле ЭБК-2-17, Адил кызы Нураида ЭБК-2-17, Султанбек уулу Ислам ПОВ-11-1-17, Мамаcыдыков Адилет ФКК-1-16 тайпаларынын студенттери “Грамота” менен сыйланышты. Финансы-юридикалык колледжинин студенттеринин демилгеси менен уюштурулган Ч.Т.Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган көргөзмө жылдын акырына чейин толукталып тураарын Исаков Кубаныч Абибиллаевич кубануу менен маалымдады.
3299 15:20 20-04-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|