News

“Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармалары Кытай окурманын көзү менен жана Конфуцийдин Кытай элинин маданиятына тийгизген таасири”

Илим жумалыгынын алкагында 26-апрель күнү Кыргыз-Кытай факультетининин жыйындар залында Ош шаарында иш жүргүзүп келген Кытай компаниялары; Шанхай сити мейманканасынын директору Цай Бин мырза, Түштүк Кытай Авиа компаниясынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн директору Чжан Кэ Куй мырзалардын жана “Кытай тили жана Кытай таануу” кафедрасынын окутуучулары, Конфуций Институтун волонтёрлорунун катышуусунда “Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармалары Кытай окурманын көзү менен жана Конфуцийдин Кытай элинин маданиятына тийгизген таасири” аттуу темада кытай тилинде илимий талкуу болуп өттү. Талкуу учурунда катышуучулар эки элдин маданиятында окшоштук жактар көп экендигин белгилөө менен бирге эки элдин тең бири-биринен үйрөнө турган жакшы жактары көп экендигин айтып өтүштү. Күндүн экинчи жарымында Кытай Эл Республикасынан келген профессор Гуо Вэй Дун мырза ККФнын студенттерине Конфуцийдин өмүр таржымалы тууралуу кызыктуу лекция куруп берди жана студенттер Конфуций жөнүндө кытай тилинде кино тасманы көрүштү. Тасмадан кийин студенттер Гуо Вэй Дун мырзадан лекцияга байланыштуу өздөрүнүн суроолоруна жооп ала алышты.
3260 19:35 02-05-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|