News

ОШМУНУН КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИ ОШ ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫН НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Ош шаарынын Алымбек датка эс алуу жайында 20-март күнү шаар тургундары жана меймандары үчүн Ош мамлекеттик университетинин нооруз майрамына арналган кечеси тартууланды.

Майрамда ОшМУнун ректораты менен биргеликте Кыргыз- Кытай факультети Алымбек датка эс алуу жайында боз үй тигип, кыргыз улуттук жана кытай элинин улуттук даамдары даярдалып, улуттук нооруздун негизги тамагы болгон сүмөлөк кайнатылып, жалпы калың журттун атынан ак тилектер айтылды.

Майрамдык кечеде Кыргыз-Кытай факультети таланттуу студенттери менен майрамдык салатанатта келген конокторго Кыргыз маданияты менен Кытай маданиятын даназалаган концерттик программалар аткарылып, окутуучулар жана студенттер спорттук ар кандай мелдештерге катышып, Кытайдан келген окутуучу волонтёрлорго, практиканттарга кыргыз маданиятын, салт-санаасын, үрп- адаттарын майрамдык кечеде кенири тааныштыра алды.

Жамааттын ынтымагын, биримдигин көрсөтүп нооруз майрамын тосуп алууда жогорку уюшкандыкты көрсөтүп жаткан жамааттын ар бир мүчөсүнө ыраазычылык билдирген ОшМУнун ректору Каныбек Исаков шаар тургундарын, ОшМУнун жамааттын нооруз майрамы менен куттуктап, жаңырган жыл ийгиликтерге бай, жакшылыктын, токчулуктун, молчулуктун жылы болсун деген тилегин билдирди.

4093 11:57 21-03-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|