News

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ФАКУЛЬТЕТИ НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Урматтуу Кыргыз калкым! Агай эжекелер жана студент достор! Сиздерди элибиздин тарыхы менен кошо кылым каарыткан НООРУЗ майрамы менен чын дилимден куттуктап, ар бир мекендешиме бакыт-таалай, кажыбас кайрат, молчулук-токчулук, узун өмүр, ишиңиздерге ийгилик каалайм.

Эзелтен Нооруз Чыгыш элдеринде жаңы жылды тосуу майрамы. Бул майрам күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, түн кыскарарын белгилейт. Жаратылыштын жаңырышы, кышкы ызгаардан соң жаздын келиши, жаңы тирликтин башталышы катары кабыл алынып келген. Ата-бабаларыбыз бул майрамды бекеринен тандап алган эмес. Аны майрамдоо – тынчтыкка жана ынтымакка чакыруу дегенди туюндурат. Нооруз майрамы – сүйүүнүн жана жарашуунун, максаттуу иштердин жана жаркын үмүттөрдүн башаты. Жаны жыл жаратмандыкка үндөйт, кыргызстандыктардын бардык асыл максаттары турмушта ишке ашсын. “Нооруз” биз үчүн дайыма жаздын, эмгектин, чыныгы биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы!

Мезгилдин эсебин, жаңы жылдын башталышын жаратылыш гүлгө оронуп, дыйкандар жер айдап, үрөн сээп жатканда белгилеген биздин ата-бабаларыбыздын улуу салтын улантып, ушул жыл бизге береке, тынч заман алып келсин.

Сиздерди терен урматтоо менен Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Айтикеев Токтосун

3709 11:13 21-03-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|