News

17-НОЯБРЬ БYТКYЛ ДYЙНӨЛYК СТУДЕНТТЕР КYНY

Студенттик күн-инсандын жашоосундагы алтын доор. Ан-сезимди, акылды байыткан мезгил. Өз алдынча кадам таштап, сүйүүнү багындырган, турмуш жолун тандаган убакыт. Бүгүн 16.11.17 Кыргыз-Кытай факультетинин профессордук окутуучулук жамааты сүйүктүү болгон студент досторубузду бүткүл дүйнөлүк студенттер күнү жана 1-курстун студенттерин кабыл алуу аземи менен кызуу куттукташты. Алгачкы сөз Конфуций институтунун Кытай тараптан директору Лю Вейчиан мырзага бкрилип, ал өз калоосунда студенттерге заманбап шарттар түзүлгөнүн белгилеп, окууда ийгиликтерди каалады. Кийинки куттуктоо сөзү Кыргыз-Кытай факультетинин декандын милдетин аткаруучу, доцент Манашов Мирлан Эсенбаевичке берилди. Ал өз сөзүндө: студенттик доорду активдүүлүк менен өткөрүүнү айтты. Азыркы учурда кандай жол тандасанар, кийинки жашоонор ошого байланыштуу болот-деп белгиледи. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, жагымдуу маанай тартууланды.
2576 10:15 18-11-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|