News

“Дин менен илимдин айкалышы” аттуу семинар болуп өттү

19-октябрь күнү ОшМУнун Финансы-юридикалык коллежинде “Дин менен илимдин айкалышы” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга “Адеп-Башаты” коомдук прогрессивдүү фондунун Жалал-Абад облусунан келген Абы уулу Давидбек агай жана Ош облусунун төрагасы Алымжан агайлар келип катышышты. Семинар коллеждин ЖББДнин кафедрасынын окутуучусу Ахунжанова Жылдыз тарабынан уюштурулду. Ошондой эле студенттер Диний агымдар жөнүндө, терроризм менен экстренизм жана Ислам дининдеги шарттар жөнүндө абдан кызыктуу суроолорду беришти. Семинардын жыйынтыгында ФЮКтун директору, доцент Т. Акматова келип конокторго ыраазычылык баракчаларын тапшырып жана мындай семинарлар азыркы күндө баарыбызга керектүүлүгүн баса белгилеп өттү.
2042 13:25 25-10-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|