News

“Көркөм окуу” ийриминин ачык сабагы

ФЮКтун ЖББДнин тилдер кафедрасында өндүрүштүк зарылчылыктан улам “Көркөм окуу” ийрими эки жылдан бери иш алып барат. Ийримди окутуучу Бекмуратова Рахат жетектейт жана ага 14 студент катышат.

Ийримдин планы боюнча ар айдын 20-25инде көркөм окуунун теориясы боюнча жуманын шаршемби күндөрү сабак өтүлөт. Ошону менен бирге ийримдин катышуучулары ФЮКта өткөрүлгөн маданий иш чараларга катышышат.

2017-жылдын 3-майында ийримдин жетекчиси окутуучу Бекмуратова Рахат ийрим мүчөлөрүнө “Көркөм стилдин тилдик каражаттары” деген темада ачык сабак өттү. Сабакты “Сын ой жүгүртүүнү өстүрө турган окуу жана жазуу” программасынын зигзаг, ротация стратегияларын пайдаланып өттү. Ага кафедра башчысы доцент Б.Абдувалиева, окутуучу Пазиева А. жана Апышова З катышып, сунуштарын айтышты.

3893 16:56 04-05-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|