News

Бүтүрүүчүлөрдү узатуу майрамдык иш чарасы өткөрүлдү

8-июнь күнү Өзгөн медициналык колледжинде бүтүрүүчүлөрдү узатуу майрамдык иш чарасы өткөрүлдү. Иш чарага колледжибизди ийгиликтүү аяктап азыркы учурда өз кесиби менен иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбузда конок болуп келишти. Майрамдык иш чарада колледждин директору Ө.Т. Станбаев сөз сүйлөп, студенттерди майрам менен куттуктап, окуудагы мыкты жетишкен ийгиликтери, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге колледжибиздин Ардак Грамотасын тапшырды. Андан сөң салтка айланган 1-курстун тайпалары бүтүп кетип жаткан 3-курстун студенттерине өздөрүнүн белегин тапшырышып каалоо тилектерди айтып өтүштү. Иш чаранын жүрүшөндө колледжибизден бүтүп учурда иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүздөн анкетаталар алынды. Майрамдык иш чара студенттер даярдаган концерттик программа менен жыйынтыкталды.
3257 08:38 09-06-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|