News

Республиканын аймагында жайгашкан медициналык колледждер үчүн ОшМУда семинар уюштурулду

2017-жылдын 24-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университетинин базасында "Кредиттик билим берүүнүн негизинде окуу процессин уюштуруу" деген теманын алкагында семинар уюштурулду. Аталган семинарга Билим берүү жана илиим министрлигинен, Саламаттыкты сактоо министрлигинен өкүлдөр, республиканын бардык аймактарында жайгашкан 27 медициналык колледждин директорлору жана директордун орун басарлары жана методисттери катышышты. Семинардын жүрүшүндө ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абазбек уулу Расул «ОшМУдагы окуу процессин автоматташтыруу системасы», ОшМУнун окуу-маалымат департаментинин директору Руслан Арапбаев «Кредиттик билим берүүнүн негизинде окуу процессин уюштуруу" деген темалардын алкагында маалымат беришип, презентация жасашты. Ошондой эле орто медициналык билим берүүнүн укуктук базалары, мамлекеттик стандарттар боюнча маалыматтар айтылып, семинардын катышуучулары тарабынан талкууланды. Семинардын катышуучулары ОшМУнун медициналык колледжиндеги түзүлгөн шарттар, лабораториялар, автоматташтырылган билим берүү системасы, Дата-борбору, көз карандысыз тестирлөө борборлору менен таанышышты.
2610 17:49 27-11-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|