News

“Медициналык колледждердин окуу пландарын кайра карап чыгуу” жөнүндө тегерек стол болуп өттү.

Устүбүздөгү жылдын 8-10 июнь күндөрү Саламаттыкты сактоо министрлигинин 06.06.2017–жылдагы №353-көрсөтмөсүнүн негизинде “Медициналык колледждердин окуу пландарын кайра карап чыгуу” жөнүндө тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледждери тарабынан түзүлгөн окуу пландары негиз болуп кабыл алынып Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү жана илим министрлигине бекитүүгө жиберилди. Кыргызстандын медициналык колледждеринин ассосациясы түзүлүп, бир добуштан ОшМУнун Өзгөн медициналык колледжинин директору Станбаев Өзгөнбай Тиллабаевич ассосациянын президенти болуп шайланды.
3373 16:12 12-06-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|