Медицина факультетинин Окумуштуулар Кеңешинин №10 отуруму болуп өттү
13:58
Бүгүнкү Окумуштуулар кенешинде 2 маселе каралды: 1. 2017-2018- окуу жылындагы медицина факультетиндеги бүтүрүүчүлөр боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссиянын отчету.
2. Ар түрдүү маселелер.
1. “560004-стоматология " адистигине 2018-2019-окуу жылы үчүн тандалган элективдик курстарынын тизмеси.
2. “560002 –педиатрия" адистигине 2018-2019-окуу жылы үчүн тандалган элективдик курстарынын тизмеси.
3. “560005 –фармация" адистигине 2018-2019-окуу жылы үчүн тандалган элективдик курстарынын тизмеси.
4. “560001 – Дарылоо иши" адистигине 2018-2019-окуу жылы үчүн тандалган элективдик курстарынын тизмеси жана өткөрүлгөн графиги.
Төрагалар жана төрайым баяндамасын айтышты.
Абдурахманов Шаятбек Туланбаевич - Ош шаардык клиникалык оору канасынын башкы дарыгери доцент, төрага;
Ешиев Абдырахман Молдалиевич - Ош областар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын бет жаак бөлүмүнүн башчысы, профессор, төрага;
Боронбаева Элнура Көчкөновна – Ош областар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери, төрайым;
Абдиев Мавлянбек Калмурзаевич –КР саламаттык сактоо министирлигинин алдындагы дары жана медтехника менен камсыздоо департаментинин түштүк филиалынын башчысы, төрага;
Бердиев Сталбек Кабылович- Карантиндин жана өтө коркунучтуу оорулар боюнча Ош областтык борборунун жетекчиси, төрага;
3383 13:58 03-07-2018