News

Ата-энелер менен жолугушуу

2018-жылдын 15-февралында ОшМУнун Медицина факультетинде «»Ата-эне – ОшМУ – Студент» деген темада жолугушуу болуп өттү. Жолугушууну ОшМУнун проректору доцент Абазбек уулу Расул “Ош мамлекеттик университети билим берүүнүн сапатын эл аралык стандартка жеткирүү” деген темада баяндамасы менен ачып берди. Андан соң факультеттин деканы м.и.к., доцент А.А.Исмаилов медицина факультетиндеги окуу-тарбия иштери боюнча баяндама жасап, акыркы болуп жаткан өзгөрүүлөр жана жетишкендиктерди белгилеп өттү. AVN системасындагы рейтинги эң жогорку болгон 25 студенттин атын атап, алардын ата-энелерине ыраазычылык каттарын тапшырды. Факультеттин стейкхолдерлер менен жумуш алып баруу боюнча жооптуу окутуучу “Ички оорулар №2” кафедрасынын башчысы, м.и.к., доцент А.А.Садыкова медицина факультеттин бүтүрүүчүлөрү жөнүндө баяндама жасап, окуу жайдын уясынан учкан ар бир бүтүрүүчүнүн келечегине кызыкдар жана тыгыз байланышта болуп жаткандыгын белгиледи. Андан кийин ата-энелерге сурамжылоо барактары таркатылды жана ата-энелер комитети түзүлдү. Жолугушуу аземи студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен аяктап, ата-энелер кафедралар менен таанышып чыгышты жана ыраазычылыктарын билдиришти.
3738 14:32 16-02-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|