News

ОшМУнун медицина факультетинде Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайы болуп өттү

КРдин Cаламаттыкты сактоо министрлиги, Ош мамлекеттик университети, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана башка бир нече уюмдардын жетекчилиги биргеликте Ош шаарында 2017-жылдын 18-19-майда Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайын Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлдү.

Курултайда КРдин биринчи айымы Раиса Атамбава, Президенттин аппаратынын орун басары Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов, КРдин Саламаттыкты сактоо министири Талантбек Батыралиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош облустунун губернатору Таалай Сарыбашев, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков, И. К. Ахунбаев атындагы КММАнын ректору Кудайбергенова Индира Орозбаевна, Дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер уюмунун Европалык бөлүмдүн президенти Анна Ставдаль, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо борборунун жетекчиси Хуан Тилло, Рене Холенштайн, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин жардамчысы, профессор Луи Лутон, USAID өкүлчүлүгүнүн директору Розен Кимберли жана областтардан, райондордон келген үй-бүлөлүк дарыгерлер катышып, алгач ОшМУнун чоң жыйындар залында пленардык жыйын өткөрүлүп баяндамалар жасалып андан соң ОшМУнун Ак-Буура кампусунда улантылды.

Конокторду ОшМУнун ректору профессор, К.А.Исаков Ак-Буура кампусу менен тааныштырып чыгып, коноктор медицина багытында билим алып жаткан студенттерге университет тарабынан заманбап шарттар түзүлүп 2 медициналык клиника иштеп жаткандыгы, мыкты адистердин калыптанышына өбөлгө болоорун айтышты.

Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайынын алкагында уюштурулган конференцияда жалпысынан 20дан ашуун секция иштеп Россия, Казакстан, Германия өңдүү ири мамлекеттерден келген тажрыйбалуу дарыгерлер лекция окуп, өздөрүнүнү тажрыйбалары менен бөлүштү, конференциянын аягында Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайын резолюциясы кабыл алынып, катышуучулардын ар бирине Сертификат, уюштуруучуларга «Ыраазычылык каттар» жолдонду.

Коноктор үчүн бир нече «Фармацевтикалык компаниялар», медициналык китептердин жарманкеси, кофе-брейк уюштурулду.

4777 13:28 20-05-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|