News

«Энелер күнүнө» карата медицина факультетинин айымдары “АЛТЫН ТӨШ БЕЛГИ» менен сыйланышты

Ааламга болгон көз карашы, меймандостугу, кара кылды как жарган калыстыгы, аялзатына тиешелүү улуу касиети, үй-бүлөсүнө жасаган энелик мээрмандыгы, калк тагдырын өз баласынын өмүрүнөн бийик көргөн , адилеттүүлүгу менен эл башкарып, "Алай ханышасы" атыккан Курманжан датка дай эл башчылары, Бурулчадай, Ак Шербеттей өткүр акындарыбыз менен сыймыктана алабыз. ХХ кылымда кыргыз айымдарынан нечендеген эмгек баатырлары, эл артисттери, депутаттары, коомдук ишмерлери, акындары, жазуучулары, ырчылары аска - таштын боорун жарып чыккан мөлтүр булактардай коомубузга изги аруулук тартуулашты.

Оозеки чыгармаларда, дастандарда, санжыраларда тоо гүлүндөй элибизди кооздогон кыргыз кыз-келиндеринин касиеттери даңазаланганы жөн жеринен эместир. Кыз Сайкал, Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Жаңыл Мырзанын даанышмандагы, тапкычтыгы, айлакерлиги кыргыз коомчулугундагы аялдардын таасирин, ээлеген ордун айкын көргөзөт.

Кыйчалыш кырдаал,өткөөл мезгилде мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын колуна алып мурунку Советтик Социалисттик Республикалардын арасынан биринчи аял президент Роза Отунбаеванын мамлекетибиздин чыңдалышына эбегейсиз салым кошкон эрдиги кыргыз аялдарынын коомдогу ордун айгинелеп турбайбы.Жогорку кенеште бугунку кундо 20, Ош шаардык кенеште 8 айымдар депутат (эл өкүлдөрүнүн) милдетин аткарууда.”Сөз кезеги келгенде айтпаса ,сөз атасы өлөт”-дейт эмеспи уюткулуу журтубуз,анын сынарындай Улуу Жибек жолунда жайгашкан ,күнөстүү Ош шаарыбыздын билим очогуна айланган, мамлекетибиздеги жогорку окуу жайлардын флагманы деген шарттуу наамды алып жургон Ош мамлекеттик университетинде келечекте эл керегине, журт намысына жароочу адистерди ,өмүр сакчыларын даярдоодо ,жаш муунду тарбиялоодо албан-албан ийгиликтерди жаратып,илим менен практикалык тажрыйбаны айкалыштырып гана тим болбостон мамлекетибиздин саясатына салым кошуп жаткан айым,”Энеси таза калк гана - түбөлүктүү” –деген принципти туу тутунган “Жалпы клиникалык биохимия жана патафизиология” кафедрасынын башчысы, химия илимдеринин доктору,профессор Маметова Алтынай Сулеймановна жана ошол эле кафедранын доценти Гаффорова Хилола Икрамовна, окутуучу Роза Жаркынбаева «Энелер күнүнө карата» “Кыргызстан аялдар” коомдук бирикмесинин “АЛТЫН ТӨШ БЕЛГИСИ» менен сыйланышты.

Адамзат тарыхы көрсөткөндөй, тоо көтөргүс эң оор шарттарда бүт кыйынчылыктарды сүйгөн жар, эне гана жене алат. Ошондуктан бизге жароокер эне, сүйгөн жар,сүймөнчүк карындаш,каныбыздан жаралган кызыбыз болгон , Кыргызстан айымдарына- баардык аялзатына таандык бакытды каалаймын,алар тарбиялап, өстүргөн ата салтын сактап,эне ызаатын сыйлаган жаш муун эркин мекенибизге дайыма ийгилик алып келип бейпилчилик орнотсун деди куттуктоо сөзүндө факультеттин декан, доцент Исмаилов Алимбек Адылбекович.

3703 14:07 19-05-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|