News

Медицина факультетинин студентти “ОшМУ периси-2017” деп табылды

Ош улуттук драма теартында 25-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинин “ОшМУ периси - 2017” сынагы болуп өттү, сынактын финалдык туруна 13 студент катышып, ар бир катышуучу өзү тууралуу видеосюжет даярдап, ырларды көркөм окуп, интеллектуалдык викторинадагы суроолорго жооп беришти. Ошондой эле музыкалык сынак жана кечки стиль тапшырмаларын аткарышты.

Сынакка Бишкек, Ош шаарындагы белгилүү обончу, аткаруучулар, дизайнерлер, журналистер калыстык кылып жыйынтыгында медицина факультетинин 1-курсунун студентти Курсантбек кызы Эльнура гран-прини жеңип алып “ОшМУ периси-2017” номинациясына ээ болду жана уюштуруучулар тарабынан Дубай шаарына эс алууга жолдонмо менен сыйланды.

Жылдагыдан өзгөчөлөнүп социалдык тармактарда online добуш берүү жүргүзүлүп Курсантбек кызы Эльнура көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду.

Белгилей кетсек, “ОшМУ – периси”сынагы ОшМУнун тарбия департаменти, жаштар комитети тарабынан салтка айланып жыл сайын өткөрүлүп келет жана медицина факультетинин сулуулары буга чейин да ийгиликтерди багындырып келген.

5678 12:01 26-04-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|