News

Медицина факультетинде ага кураторлор жыйыны болуп өттү

25.03.17-ж медицина факультетинде кураторлор жыйыны болуп ага факультеттин деканы, доцент А.А.Исмаилов, декандын тарбия иштери боюнча орун басары, улук окутуучу А.Э.Саттаров, факультеттин ага куратору З.М. Кадыбаев жана ага кураторлор катышып төмөндөгүдөй маселелер каралды.

1. 1- модулдун жүрүшү;

2. Социалдык абалы начар студенттерге жакындан жардам берүү;

3. Жума сайын ишембилик өткөрүү.

Жыйындын жүрүшүндө А.А.Исмаилов кураторлорго социалдык жактан аз камсыз болгон студенттерди тактоо, ар жума сайын кафедраларында ишембилик өткөрүү боюнча тапшырма берди.

Жыйындын аягында ар бир жуманын ишемби күнү ага кураторлор жыйыны деп белгиленди.

2406 13:52 25-03-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|