News

ААОПОнун 2 күндүк семинар-тренинг

Физика-техника жана Математика жана информациялык технологиялар факультеттеринин окутуучулары көз карандысыз аккредитацияга даярдануу максатында ААОПОнун 2 күндүк семинар-тренингине катышышты. Орто кесиптик адистиктерин көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүгө даярдоо максатында 2017-жылдын 26-27-апрель күндөрү ОшМУнун башкы корпусунун кеңешмелер залында Физика-техника факультетинин профессордук-окутуучулук курамынан 11, Математика жана информациялык технологиялар факультетинен 12 мүчөсү жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кесиптик лицейлеринин өкүлдөрү Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) тарабынан уюштурулган 2 күндүк семинар-тренингге активдүү катышышты. Тренингди агенттиктин директорунун орун басары Жумакадыр Мамытканов жогорку деңгээлде өткөзүп, аккредитацияга даярданууда талап кылынган 7 стандарттын 53 критерийи боюнча түшүндүрмө берип, катышуучулардын бардык суроолоруна так жана толук жооп берди. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар бериле турган болду.
2489 19:42 27-04-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|