News

Математика жана информациялык технологиялар факультетинде иш берүүчүлөр менен тегерек стол өткөрүлдү.


2016-жылдын 24-июнунда Математика жана информациялык технологиялар факультетинде иш берүүчүлөр менен тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуудагы негизги көйгөйлөрү тууралуу маектешүү жана пикир алышуу үчүн Ош шаардык башкаруунун социалдык фонду, ОПВЭС, мэриянын ИЖС департаменти, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү, Ош шаардык салык инспекциясы, Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгы, “Элкат”, “ДОК”, “Нуртелеком”, “Капитал” жана “Формат” жеке ишканалары, “О!” уюлдук оператору ж.б. ишканалардын директорлору, бөлүм башчылары, жетектөөчү адистери, ошондой эле Ош шаарындагы №38, №24, Ноокат райондук Б.Атишев ж.б. орто мектептеринин, ”Билим” лицейинин директорлору, математика мугалимдери катышышты.

Тегерек столдо иш берүүчүлөргө университетибиздин жана факультетибиздин өнүгүүсүндөгү жаңылыктары жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат берилди. Андан соң негизги билим берүүнүн программалары, окуу пландары жана жумушчу окуу пландары менен программа жетекчилери тааныштырып өтүшкөндөн кийин иш берүүчүлөр тарабынан бир катар пайдалуу сунуштар айтылып өттү. Педагогикалык жана педагогикалык эмес багыттарындагы бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын туура калыптандыруу, б.а. тажрыйба менен айкалыштырып калыптандыруу маселелери жана студенттердин практикага чыгуудагы көйгөйлөрдү чечүү маселелери дагы талкууланып өттү. Жыйынтыгында МИТ факултетинин иш берүүчүлөр ассоциациясын башкаруу кеңешинин курамы түзүлүп бекитилди.
7175 13:21 25-06-2016

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|