News

9-23-апрель, 2018-жыл. Тарых факультетинин археологиялык-этнографиялык жана музейлик-архивдик практика учурунда.

9-23-апрель, 2018-жыл. Тарых факультетинин музейлик-архивдик практика учурунда.2017-2018-окуу жылында тарых факультетинин 1-курстарынын И(б) -1-17 тайпасынын студенттери окуу планына жана окуу графигине ылайык ректордун буйругунун негизинде (Буйрук № 707-4 , 4-апрель 2018-ж.) 23-апрелден 4-майга чейин археологиялык, этнографиялык практикадан өтүштү. 30-апрелден 5-майга чейин археологиялык практика юолду. Археологиялык практика контракт группасынын студенттери үчүн Ала-Бука районуна караштуу Сафед Булан айылынан орун алган Шах Фазл жана андан алыс эмес жердеги Зынжыр Ата күмбөзүдөрүнө уюштурулду. Ошондой эле, Өзгөн шаарындагы караханийлер каганатына таандык археологиялык-архитектуралык музей комплексинде жана ислам аалымы имам Сарахинин күмбөзүндө болушту. Ал эми бюджет тайпасындагы студенттер Ош шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук археологиялык музей комплексинде археологиялык практикадан өтүштү. Бул тарыхый жерлердин Кыргызстан тарыхын окутууда мааниси зор. Анткени, Кыргыз жергесинде ислам дининин таралышына байланыштуу болгон окуялар ушул тарыхый археологиялык комплекстерде кенен чагылдырылган жана алар тарыхчы археологдор тарабынан изилденген жана изилденип жаткан жерлер болуп саналат. Болочок тарыхчылар үчүн мындай археологиялык практикалардын мааниси чоё. Себеби, келечекте өзү тандаган сүйүктүү кесибинин ардактуу ээси болуусуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле тарыхтын археология багытында иштөөсүнө шарт түзөт. 1-курстун И(б)-1-17 тайпасынын студенттерине этнографиялык практика 23-29-апрель күндөрү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында өтүлдү. Бул практикада ар бир студент өзү жашаган чөлкөмдүн этнографиялык тарыхын изилдешти. Ал боюнча жыйналган материалдардан курстук иштерин жазууда пайдаланышты. Тарых факультетинин 3-курсунун И (б) -1-15 тайпасынын студенттери 2017-2018-окуу жылынын 9-апрелинен 22-апрелине чейин музейлик-архивдик практиканы өтүштү. (Буйрук № 708-4, 4-апрель 2018-ж.) 9-апрелден 14-апрелге чейин 15 студент Ош облустук мамлекеттик архивинде «Кыргызстан тарыхыжана археология, этнология» кафедрасынын доценти, т.и.к. Султанова М.Ш. жетекчилигинде, 14 студент Ош шаардык мамлекеттик архивинде «Кыргызстан тарыхыжана археология, этнология» кафедрасынын окутуучусу Усманов Т.М. жетекчилиги астында практика өтүп келишти. Музейлик практиканы 15-апрелден 22-апрелге чейин бюджеттик негизде окуган 18 студент Ош шаарындагы Сулайман Тоо – улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинде; контракттык негизде окуган 11 студент Ош-Андижан-Ташкент-Самарканд багытында уюштурулган практикадан өтүштү. Бул багытта Ташкент шаарындагы музейлерге, Самарканд шаарындагы музейлерге жана Самарканд мамлекеттик университетинин музейи менен СамМУнун тарых факультетинин археология музейлеринде, ошондой эле аталган шаарлардын тарыхый жерлеринде болуп кайтышты. Жогорудагы аталган практикалар студенттер өздөрү практиканы жыйынтыктоочу конференциясында маалымдашкандай өтө зор таасир калтырды. Келечекте тарых мугалими болуп иштегенде же музей, архив чөйрөсүндө иштеп калышса, о.э. өздөрүнүн билим багажына орундуу салымын кошо турган практика болду деп ойлойбуз.
3646 13:54 02-06-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|