News

Ош мамлекеттик университетинде "Чет олкого барып окуп келем" деген темада семинар болуп отту

Ош мамлекеттик университетинин ректору профессор Исаков Каныбек Абдуваситовичтин демилгеси менен Эл аралык мобилдүүлүктү күчөтүү максатында университетте "Чет өлкөгө кантип барып окуп келем" деген темада семинар болуп өттү. Университетибиздин факультеттеринин катарында Бизнес жана менеджмент факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери семинарда активдүү катышып өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Тактап айтканда Бизнес жана менеджмент факультетинин "Финансы жана кредит" кафедрасынын күндүзгү окуу бөлүмүнүн ЭФ(б)-1-13 тайпасынын активист студенти Умаралиев Сардор аталган семинарда Испания өлкөсүнүн Кадис университетине болгон сапары туурасында кызуу маек куруп берди. Университетибизде студенттер үчүн ушул сыяктуу көптөгөн эл аралык деңгээлде түзүлгөн келишимдердин негизинде чет өлкөлөрдө окуп келүү мүмкүнчүлүгүн ректорубуз профессор К.А. Исаков өзгөчө белгилеп кетти. Мындай семинарлар университетибиздин студенттерине жакшы түрткү жана стимул болуп, студенттерибиздин окууга болгон кызыгуусун мындан ары да арттырат.
2856 17:42 25-05-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|