News

Эл аралык мамилелер факультетинин 11 бүтүрүүчүсүнө артыкчылык дипломунун сертификаттары тапшырылды.

2018-жылдын 19-июнунда Ош мамлекеттик университетинин жалпы факультеттеринин жана колледждеринин бүтүрүүчү студенттерине артыкчылык дипломунун сертификаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Ага ОшМУнун ректору профессор К.А.Исаков катышып, окууну артыкчылык менен бүтүргөн студеттерге дипломдун сертификаттарын тапшырып, жалпы бүтүрүүчүлөргө сөз сүйлөп, каалоо-тилектерин билдирип өттү. Мындан тышкары ОшМУнун ректораты, факультеттердин декандары, окутуучулары, ата-энелер, студент достор катышышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктап кетишти. Ошондой эле, ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин 11 бүтүрүүчүсүнө артыкчылык дипломунун сертификаттары тапшырылды. Сертификаттарды тапшыруу аземи ыр, бийлер менен коштолду.

2731 14:37 21-06-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|