News

Алдыңкы студенттердин билим алган мектептерине ОшМУнун ыраазычылык каттары тапшырылды

Бүгүн, 24-май күнү ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков университеттин алдыңкы студенттик лидерлери менен жолугушту.

Жыйынга алтымыштан ашуун студенттик активдер катышышты. Жолугушууда ректор студенттер менен жасалып жаткан иштер, алдыдагы пландар, студенттерге түзүлүп жаткан шарттар, академиялык мобилдүүлүк боюнча ой бөлүштү. Ошондой эле “Өзүңөрдү студенттик мезгилде реализациялап калгыла, студенттик турмуш мезгилиндеги изденүү, талбаган эмгек, билимге болгон умтулуу, коомдук, маданий-массалык иштерге активдүү катышуу, ички жана сырткы түрдүү билим берүүгө багытталган долбоорлорго катышуу келечекте мыкты адис болууга көпүрө болот. Студенттик күндөрдү мазмундуу, үнөмдүү өткөрүп тил үйрөнгүлө. Эң негизгиси адептүү болуп, адамдык асыл сапаттарды сактагыла”, -деди ректор Каныбек Исаков.

Жыйындын соңунда окууда мыкты жетишкендиктерди багындырып жана университеттик, шаардык деңгээлдеги коомдук-маданий, интеллектуалдык иш-чараларга жигердүү катышып, салым кошкон студенттердин мектебинин эмгек жамаатына ыраазычылык каттарын тапшырды. ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин МО-2-16 тайпысынын студенти Ибрагимов Айбек жана РВ-3-16 тайпасынын студенти Сарыева Алия да ыраазычылык катка татышты.

2378 09:25 30-05-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|