News

Мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан иш чара

2018-жылдын 24-апрелинде окумуштуу, педагог, акын Сатканбай Момуналиевдин туулган күнүнө жана илим жумалыгына карата "Окумуштуу, акын, педагог" аттуу иш-чара өткөрдүк. Иш-чарага кыргыз филологиясы факультетинин жамааты, мамлекеттик тил кафедрасы жакындан көмөк көрсөтүп, жогорку деңгээлде өттү. Студенттер агайдын жан-дүйнөсүнөн жаралган ырларды көркөм окуп, келген коноктор болсо жылуу сөздөрүн айтышты. Ал эми обончулар (Э.Талипов, Т. Колдошов ж.б.) агайдын ырларын оболотуп, обон менен ырдашты. Агай тууралуу сөз бүтпөдү, анткени улуу адамга улуу сөздөр жаралат. Ал сөздөр бүтпөй, учугу уланып, дагы-дагы көп сөз болот. Агай, бүгүнкү кечеңиз менен!!! (Иш-чарага эл аралык мамилелер жана орус филологиясы факультетинин, психология адистигинин студенттери катышты) Өткөрүлгөн иш-чара мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан колго алынып, улук окутуучу Байтикова Бактыгүл тарабынан өткөрүлдү
1680 15:36 25-04-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|