News

Бүгүн Ош МУнун филология факультетинин тегерек залында студенттер үчүн "Карьералык өсүүдөгү психологиянын ролу" аттуу мастер класс болуп өттү.

Тренингке жалпы факультеттердин 150 дөн ашуун студенттери жана жооптуу структура жетекчилери келип катышты.Карьера борборунун иш чаралары жана стратегиялары жөнүндө Жакыпова Гулмира презентация жасады.Тренингдин экинчи бөлүгүндө психология кафедрасынын башчысы, п.и.кандидаты А.Жолдошова тарабынан ийгиликке жетүүнүн сырлары жөнүндө тренинг өтүлүп, аягында студенттерге мастер класс уюштурулду.Студенттер 5 жумушчу топко бөлүнүп, өз ара фливчаттарга берилген тапшырмаларды толтуруп, лидерлери презентациялап беришти. Жыйынтыгында студенттер менен алдыга койгон максатына жетүү үчүн кесипти туура тандоо карьералык өсүүнүн биринчи кадамдары экендиги жөнүндө суроо жооптор болуп кызуу талкуу жаратты.Студенттер мындай иш чаралар бат-баттан уюштурулуп турушун суранышты.



2879 18:06 17-03-2017

                 

News

|< 1 2 3 >|