News

Мамлекеттик тил кафедрасынын жамааты окумуштуу профессор Капар Зулпукаров менен жолугушту

2017-жылдын 13-июнь күнү окумуштуу, филология илимдеринин доктору профессор К.Зулпукаров менен мамлекеттик тил кафедрасынын жамаатынын илим жумалыгынын алкагында жолугушуусу болду. Окумуштуу менен жолугушуу эң жогорку деңгээлде өттү. Табиятында жөнөкөй, илимдин сересинен ой чаптырган окумуштуу кафедранын жаш жамаатына дээрлик эки жарым саат бою таасирдүү маек куруп берди. Агайдын 70 жаш кутман курагын куттуктап кафедра башчысы, доцент Ф.Алиева сөз сүйлөдү, окутуучулардан обондор созулуп, акын Бермет Закированын арноо ыры көркөм окулду. Ошондой эле символикалуу түрдө, ырым кылып, бизден да агайдай окумуштуулар чыксын деген ниетте гүл отургузуп калышты. Иш-чара мамлекеттик тил борборунда өттү.
1898 11:23 19-06-2017

                 

News

|< 1 2 3 >|