News

1-курстун аспиранттары үчүн семинар өтүлдү

Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан 1-курстун аспиранттары үчүн "Илимий-изилдөө иштерине киришүү" деген темадагы практикалык семинар өтүлдү. Семинарда аспиранттардын негизги иш-милдеттери, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн методологиясы ж.б. маселелер боюнча Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаева тарабынан кеңири баяндама жасалды. Семинардын жүрүшүндө аспиранттар бардык суроолоруна жооп алышты. Белгилей кетсек, 2017-2018-окуу жылында ОшМУнун аспирантурасынын 1-курсуна 62 талапкер окууга өткөн.
2641 15:16 03-02-2018

                 

News

|< 1 2 3 >|